Акыркы макалалар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну-кыргыздын кең пейил жүзүн ачты

Баарыбызга белгилүү болгондой мекенибиздин бермети болгон Ысык-Көл жергесиндеги “Көчмөндөр” оюну ийгиликтүү жыйынтыкталды. Аны менен биргеликте быйылкы күздү Чолпон-Ата шаары көпкө унутпайт сыяктуу. Бул жолу элдин көбү эс алуу үчүн эмес, биринчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунуна кызыгуу жогору болду. Оюн өткөрүүгө мамлекеттен 102 млн 130 миң, ал эми башка булактардан 19 млн 81 миң сом каражат кеткен.

Жалпысынан мелдештерде 19 мамлекеттин 22 курама командасынан 430 спортчу улуттук оюндардын 10 түрү: алыш (бел кур күрөш), аламан байге (узак аралыкка ат чабыш), жорго салыш, казак күрөшү, көк бөрү, кунан чабыш (үч жаштагы кунандар жарышы), кыргыз күрөш, ордо (чүкө оюндары), тогуз коргоол, эр эңиш (ат үстүндөгү оодарыш) боюнча күч сынашты. Кыргызстан көчмөндөр оюндарынын көч башчысы болуп, жалпы жыйынтык боюнча жердештерибиздин колуна 55 медаль – 16 алтын, 20 күмүш, 19 коло медаль тийди. 28 медалга (10 алтын, 9 күмүш жана 9 коло) ээ болгон Казакстан командалары экинчи орунга, 6 медаль (3 алтын жана 3 коло) алган Түркмөнстан үчүнчү, 4 медалы (1 алтын, 3 коло) бар Тажикстан төртүнчү, 7 медаль (1 күмүш, 6 коло) менен Монголия бешинчи орунга чыкты.

Кыргызстан эмне сабак алды?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси президент А. Атамбаев тарабынан андагы Түркиянын премьер-министри Р.Эрдогандын 2011-жылы Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында сунушталган. Көчмөндөр оюндарын демилгелөөнүн негизги максаты - дүйнөдө ынтымак-ырашкердикти бекемдөө, түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара карым-катнаштарын жандандыруу, достук мамилесин чыңоо, көчмөн элдердин маданий алакасын арттыруу болучу. Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну жыйынтыкталганча көптөгөн мамлекет башчыларынан, кадырлуу эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүк атактуу инсандардан президент А.Атамбаевдин жана оюндардын катышуучуларынын дарегине көптөгөн куттуктоолор келип түшкөн. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана тажик президенти Эмомали Рахмон иш-чарага катыша албай тургандыктарын расмий билдиришсе дагы Назарбаев оюндун катышуучуларына өзүнүн куттуктоосун жолдоп, биринчи жолу өтүп жаткан улуттук ат оюндары көчмөндөрдүн башын бириктирип, алардын руханий дөөлөттөрүн сактоого мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин айтты. Мындай жылуу куттуктоо, Кыргызстан үчүн жана туризм тармагы, маданий- спорт жаатынын өнүгүшүнө өбөлгө болуу менен мамлекетибиз саясий дагы упай топтой алды десек болот. Анткени канча жылдан бери кыргыз жергеси митинг, акциялардан арыла албай келген болсо Көчмөндөр оюну аркылуу кыргыз эли өзүн дагы бир жолу дүйнөгө татыктуу көргөзө алды десек болот.

Эл оюндарды кызыгып көрүштү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпысынан жандуу күбө болгондордун саны 45 000 чукул болгон. Ачылыш аземинде ат майданга келген элдин саны 15 миңге жеткен. Алардын 10 пайызы чет элдик туристтер болгон. Аталган департаменттин директору Максат Чакиев Көчмөндөр оюндарынан өлкөгө түшкөн пайданын суммасын 9,9 миллион доллар деп көрсөттү. “Чет элдик туристтерден 1,8 миллион доллар түшкөн. Алар Кыргызстанда оюндарга келгенде орто эсеп менен 400 доллардан сарптаган. Ал эми ички туристтер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган сапарына орто эсеп менен 200 доллардан коротсо, алардан түшкөн каражаттын суммасы 8,1 миллион долларды түзгөн. Оюндарды өткөрүүгө бөлүнгөн 102 миллион сомду эске алганда, бул жаман эмес көрсөткүч”,- деп билдирет. Мындай чон иш чарага 20га жакын мамлекеттен көрүүчүлөр жана спортчулар келишкен.

Алар “Кабар” маалымат агенттигине берген маектеринде ар бири, фестиваль жогорку денгээлде өтүп жатканын айтышты. Хакасия мамлекетинин “ Алыш” күрөшү боюнча спортчу Василий Жданов “Алыш” – дыкат машыгууну талап кылат. Атаандаш менен беттеште, эч убакта көңүлдү көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Анткени, мындан пайдаланып атаандаш бир –эки секкунда сени жыгып салышы мүмкүн. Бул эреже, көчмөн элдеринин абдан сезимтал жана кыраакы экендигин далилдейт! Мен бүгүнкү буга чейин биле элек көп ыкмалар менен жергиликтүү спортчулардан өздөштүрө алдым. Убакытты пайдаланып айткым келет Кыргызстан аябагандай кооз өлкө экен. Жаратылышты сулуулугу, элинин мейман достугу жана көчмөндөр оюну тууралуу мен Абакан шаарына көп жакшы ойлорумду айтып берем”,–деди ал.

КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун айтымында тышкы мамиледе кыргызстан өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. - Мындан мурун Кыргызстан жөнүндө дүйнө эли терс көз карашта болуп келишкен. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү аркылуу биз өлкөбүздү позитивдүү өлкө катары, ошондой эле интеграцияга жана биригүүгө болгон аракеттерибизди көрсөтө алдык”, - дейт ал.

Кемчиликтер да болду

Көчмөндөр оюну, убакытты, каражатты талап кылган ири мелдеш экенин Кыргызстан аздыр-көптүр дүйнөгө далилдөөгө үлгүрдү. Мындай жоопкерчиликти колго алып көрбөгөн элбиз да. Айрым каталарга, кемчиликтерге жол берди. Чындап караганда кемчиликсиз иш болбойт. Алсак, оюндардын жүрүшүндө Кыргыз күрөш федерациясы менен күрөштү убагында баштабай 2 саатка кечигип калуусу. “Көк бөрү” оюну дагы биринчи күнү кечигип башталды. Келген түрктөр менен азербайжандар ат оюндарына ат талап кылышты.( Бирок профессионалдык деңгээлде карасак, ат берүү туура эмес., Казактар дагы форма талап кылышты.) Бирок мунун баардыгы уюштуруу жаатынан кеткен кемчиликтер болуп эсептелинет. Ушундай туура эмес коюлган талаптардан улам, улуттук оюндардын эрежелерин такташ керек экен деген ой жаралат.

Эң негизгиси Көчмөндөр оюнун биринчилерден болуп өткөрүп алдык. Мындан ары кетирген кемчиликтерди кайталабоого аракеттерди көрүшүбүз абзел.

Оюндан кийинки пикирлер

Айрыкча чет өлкөлүк гезит, теле, радио берүүлөрдө айтылып, жазылган кабарлар Кыргызстандын, анын элинин маданияты, салттары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү мыкты экендиги тууралуу жакшы маалыматтар жарыяланууда. Эгерде маалымат сайттарына көңүл бурсак, маселен, Казакстандын жалпыга маалымдоо, интернет каражаттары Биринчи дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарында казак спортчулары экинчи орунга чыгып, жалпы таймаштын жыйынтыгында 12 алтын, 8 күмүш, 8 коло медал алышкандыгына басым жасап, жар салышууда.

Ал эми россиялык “goldmustang.ru” Кыргызстандыктар жана жергиликтүү чиновниктер Көчмөндөр оюндары келечекте Олимпиада оюндары менен ат салышууга жарай турган деңгээлге чыга тургандыгын ашыра белгилеп жаткандыгын жазган. Бирок, негизинен, маалымат булактары оюндарга кайсы өлкөлөр, канча спортчусу менен келгендигин, мелдештердин кандай түрлөрү өткөрүлгөндүгүн жана аларга даярдыктар, уюштуруу иштеринин деңгээл, сапаты тууралуу жазып чыгышкан. Калыстык үчүн, айрым журналисттер уюштуруу жакшы болбой калгандыгын жана шарттар начар түзүлгөндүгүн да белгилешкен Ошентсе да, Италиянын “Corriera Della Sera”, Британиянын “The Mirror”, Американын “The Washington Post” гезиттери жана башкалар ат үстүндө жаа атып, жалындаган от аралаш ат чапкан, ат жалында тыйын эңген, улак тарткан көчмөн кыргыздардын оюндарына таңданышып, Кыргызстанда туризмди өнүктүрсө боло тургандай керемет жаратылыш бар экендигин, элинин меймандостугун таң калып сүрөттөшкөн. Ал эми жергиликтүү ММК жана “Азаттык”, ВВС сыяктуу дүйнөлүк маалымат булактары да коомчулукту жетиштүү кабардар кылышты. Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюну КТРК, ЭлТР, Мир жана НТС телеканалдары аркылуу түз алып көрсөтүлсө. Ал эми дүйнө жүзүнүн миллиондогон көрүүчүлөрү ТРТ АВАЗ түрк телеканалы аркылуу көрө алышты. Жалпысынан иш-чараны 100 жергиликтүү жана 30 чет элдик журналисттер чагылдырышты. Дүйнөлүк деңгээлдеги көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясы мындан 2 жыл мурун улуу «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине Казакстан менен Кытайга тиешелүү болуп кирген мезгилде кыргыздар көчмөн элдердин эң байыркысы экендигин далилдөө максатында келип чыккан.

Ооба, бул мелдешти биринчи болуп өткөрүү чоң жетишкендик. Дээрлик бардык мамлекеттин өкүлдөрү өз жеринде аттын дүбүртүн угуп, алгачкылардан болуп көчмөндөр оюнун өз өлкөсүндө өткөргүсү келсе керек.

Бирок Олимпиада оюндарында да кезинде кемчиликтер болгонун, баары бара-бара түзөлүп азыркы деңгээлге жеткенин, кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жаңы Олимпиадага айлантуу максаты бар экенин эске алып, уюштуруучуларга ийгилик каалайбыз!

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...