Акыркы макалалар

"Ата Мекен" кылмыш жоокерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүн узартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясында кылмыш түрлөрү боюнча кылмыш жоокерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүн узартуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды. Ал үчүн КР Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Өмүрбек Текебаев.

Баяндамачы мурда "Коррупция", "Мамлекеттик чыккынчылык", "Кызмат абалынан пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын эскирүү мөөнөтү шашылыш алынып салынганын, эми эл аралык тажырыйбаны эске алуу менен, кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу зарылдыгы жаралганын билдирди. "Ошондон улам, жеңил кылмыштарга 3 жыл, анча оор эмес кылмыштарга 5 жыл, оор кылмыштарга 15 жыл, өтө оор кылмыштарга 25 жыл эскирүү мөөнөтү сунушталууда", - дейт Текебаев.

Талкуу жыйынтыгында мындай чаралар жарандардын жоопкерчилигин жогорулатат деп эсептеген фракция мүчөлөрү тарабынан "КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды.

Белгилей кетсек, азыркы иштеп КР Кылмыш-жаза кодесинде жеңил кылмыштарга 1 жыл, анчалык оор эмес кылмыштарга 3 жыл, оор кылмыштарга 7 жыл, өтө оор кылмыштарга 10 жыл эскирүү мөөнөтү каралган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...