Акыркы макалалар

Аксы районунда өткөн жылдан бери 303 мал уурдалып кеткен

Өткөн жылдан бери Аксы районунда 303 мал уурдалып кеткен болсо, анын ичинен 72 кара мал, 15 баш жылкы жана 216 баш кой эчки жоголуп, уурдалып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ачылган кылмыштардын натыйжасында 34 баш кара мал, 91 баш кой, 4 баш эчки ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми өткөн жылы 48 мал уурулук катталган болсо анын бирөөсүнүн да бети ачылган эмес.

“Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 24 мал уурулук катталган болсо учурда төртөөсүнүн бети ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...