Акыркы макалалар

Азия оюндарына өлкөдөн каражаттын тартыштыгынан улам 115 спортчу гана катышууда

Азия оюндарына өлкөдөн каражаттын тартыштыгынан улам 115 спортчу гана катышууда

Спорттук баяндамачы Кабыл Макешов атайын Инчхондон

Мурда Бишкек шаарында премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Азия оюндарына катышуучуларды узатуу салтанатында 17-Азия оюндарына 121 спортчу аттанып жатканы маалымат каражаттарына маалымдалган. Инчхон шаарында башталган 17-Азия оюндарында Кыргызстандын намысын 121 спортчу коргойт деп Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин директору Кадырбек Эргешов маалымдалган. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгынан улам катышуучулардын саны дагы 6 спортчуга кыскартылды. Ошентип, Кыргызстандын намысын 115 спортчу коргойт. Тизмеден дзюдочулар, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Чынгыз Мамедов менен Руслан Жаныбек уулу, жаа атуу чеберлери Нурсултан Мамытбек уулу менен Бектур Дооронбеков, оор атлетчи Айдар Мамадраимов жана парус спорт чебери, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Илья Игнатьев чыгып, 17-Азия оюндарына катышпай калышты.

Ошондой эле Орусиядагы "Анжи" футбол клубунда ойноп жургон Валерий Кичин Инчхонго келип, Кыргызстандын тандалма командасынын курамына кошулуп, Мустафа Юсуповдун ордуна тизмеге кошулду.

19-сентябрда корея убактысы боюнча саат 18-00до (бишкек убактысы боюнча 15-00до) 17-Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Мында Кыргызстандын туусун дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпиону, 1-жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов которуп, командасы салтанаттуу ачылыш аземге баштап чыгат.

Кыргызстандын спортчулары эгемен мамлекет болгону 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында болгон 12-Азия оюндарынан бери Азия оюндарына катышып, 41 байгелуу орунга жеткен. Азия оюндарында грек-рим курошунон, Азиянын эки жолку чемпиону, балбан Данияр Кобонов, женил атлетчилер Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова алтын медаль тагынып, Азия оюндарынын чемпиондору аталган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...