Акыркы макалалар

Пенсиялар көбөйүүдө

Пенсиялар көбөйүүдө

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алып, төлөмдөрдү администрациялоо жана пенсияларды каржылоо маселесин козгоду.

Ушул маселенин алкагында пенсияларды төлөөдөгү диспропорцияны жоюуга, пенсиянын көлөмү менен Социалдык фондго төлөнгөн мүчө акылардын суммасынын ортосунда түз өз ара байланышты орнотууга багытталып иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясынын алкагында сунушталган чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Социалдык фонддун төрагасы менен октябрь айында ишке аша турган пенсияларды көбөйтүүгө даярдыктар тууралуу маалымат алды. Көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында пенсиянын орточо көлөмү 4600 сомго чейин көбөйөт.

Президент Алмазбек Атамбаев пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо пенсиянын реалдуу көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн пенсиялык системасын баланс­таштырарын жана бул төлөм боюнча жарандарга карата кыйла калыс мамиле кылуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...