Акыркы макалалар

Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу тууралуу Келишимди ишке ашыруу токтому чыкты

Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу Келишимди ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алынды, деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү аралык 2012-жылдын 20-сентябрындагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу Келишим боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган.

Токтом боюнча, Акбулуң ГЭСин жана Нарын – 1 ГЭСин курууга 312,41 га жер тилкесин бөлүү каралууда, аларды ишке киргизүүдө 533 млн кВт саат көлөмүндөгү электр энергиясынын иштелип чыгышына мүмкүндүк түзүлөт.

Календардык графикке ылайык, Акбулуң ГЭСинин жана Нарын – 1 ГЭСинин курулушунун негизги бөлүгүн баштоо иши 2014-жылдын соңуна пландаштырылган.

Белгилей кетчү нерсе, курулуп жаткан Жогорку-Нарын каскады долбоордук кубаттуулугу 237,7 МВт эсептелген төрт гидроэлектростанцияны курууну камтыйт жана жылына, орточо алганда, 942 млн кВт саат энергия иштеп чыкчу Жогорку-Нарын ГЭС каскадын 6 жылда куруп бүтүү пландаштырылууда.

Учурда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Жогорку-Нарын каскадынын калган ГЭСтерин курууга керектелчү жер тилкесин бөлүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...