Акыркы макалалар

ЖК үйлөнүү үлпөт тойлорунун кортежинин санын 5тен ашырбоо сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан колдоду. Мындай чечим бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Анарбек Калматовдун айтымында, аталган мыйзам долбоору актуалдуу болуп саналат. Ошондой эле кыймылдын жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузган укук бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилген.

"Мыйзам долбооруна ылайык автоунаа бейбаштыгы үчүн 30дан 50гө чейинки көрсөткүч менен айып салуу сунушталууда. Тактап айтканда, 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин. Мыйзам долбооруна ылайык, авто жарыш уюштурууга тыюу салуу жана үйлөнүү үлпөт тойлорунун картежинин санын 5тен ашырбоо сунушталууда",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...