Акыркы макалалар

Ош облусунда милициянын каттосундагы балдардын 30%ы эч жерде окубайт

Ош облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн атайын иш-чаралардын жүрүшүндө 440 укук бузуучу өспүрүмдөр аныкталып, 259 өспүрүм каттоого алынган. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Ар кандай профилактикалык иш-чараларга карабай, жыл башынан бери өспүрүмдөр тарабынан 30 кылмыш катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 4 учурга же болбосо 13,3%га өсүп кеткен.

Жалпысынан облус боюнча 415 өспүрүм каттоодо турат. Алардын ичинен мектеп окуучулары - 275, атайын орто окуу жайында окугандар - 8, жогорку окуу жайында окугандар - 2, эч жерде окубагандар-130. Жынысы боюнча кыздар - 46, эркек балдар-369.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...