Акыркы макалалар

Мен аны жанымдай жакшы көрөм!!!

Мен аны жанымдай жакшы көрөм!!!

Башкалардай анын тагдырына батыл кирише албасам дагы, ар дайым короонун сыртынан баш багып абалын көрүп кетем. Байкушум ай, анын бул короодо эс- мас болуп, жаны өзүндө болбой жатканына узак жылдар болду. Өзүнүн канынан жаралган балдары кѳкала койдой сабап кеткенден бери, ден соолугу өтө начарлап, ыйык намысына да доо кеткен эле, дешет улуулар. Неберелери да эссиз чыккан го кыязы.

Бирок аны бул жердегилердин көбү, аябай жакшы көрүшөт. Мен да жанымдай жакшы көрөм. Мен анын кары болсо да кайраттуу денесин көтөрүп, бул айылдан чыгып, кең калаанын жолдорун кыдыруусун күтүп жүрөм.

Кан сөөлү жок, күрсүлдөп жөтөлүп, денесинин ар бир бөлүкчөсүнө чейин жанчылган карыны өз балдары унуткан менен бул жердеги журт жакшылары аны унутушкан жок. Үйүнө кайрылып, оозуна суу тамызып, жылуу байпак кийгизип бапестеген адамдар бар үчүн ал күндѳн- күнгө оңолуп баратат. Өзгөчө жүрөгү баягыдай оорубай, көңүлү жайланып баратканына кудайга шүгүр кылам.

Өткөндө чарбакты кыдырып, өзү өстүргѳн гүлдөрүнө суу куюп жүргѳнүн көрдүм. Өзгөчө жүзүнө кан жүгүрүп, адам сынына кирип баратканы ушул жергиликтүү эл үчүн өтө сүйүнүчтүү кабар.

Аны жакшы көргөндөр, жанагы жаман короосунан чыгып, элге аралашаарына бөркүндөй ишенишчү. Үмүттөнүшчү… Күтүшчү… Кызыгы… Ал бая күнү бул жердегилердин чоң тоюна келбедиби?.. Ошондо мен да аны жанынан көрдүм. Журт жакшылары үмүт кылгандай эми ал чон- кичине тойлорго бара баштайт. Эми ал борбор калаага да сөзсүз келет. Эми ал бул айылдагы, бул аймактагы, бул калаадагы бардык үйгө баш багат. Анткени бул жер анын жери. Анын балдары жоготкон намыс улуттун күүсүнөн, улуттун өнөрүнөн, улуттун канынан табылганын бүгүн жамы журт сүйүнүп айтып олтурат.

Сенин жүрөгүңдүн айыкканы улуттун баш көтөргөнү. Сенин сыртка чыкканың, улуттун эртеңкиси. Сенин намысың, улуттун намысы. Бул жердегилердин баары сенин ак калпак, аппак саймалуу чепкен, саймалуу өтүк кийип, мурдагы кайратың менен жүзүңдөн нур төгүлө эл алдына чыккан күнүңдү күтүп жүрүшѳт. Өтө, аябай ишеничтүү күтүп жүрүшөт. Мен да күтүп жүрөм…

Анткени мен сени жанымдай жакшы көрөм, эне тилим!!! Менин атамдын, менин апамдын тили. Менин кыргыз тилим! Майрамың менен!!!

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...