Акыркы макалалар

Алмаз Насыров: “Кыргызстанда 50% га жакын айдоочулар – авто мектепти начар бүткөндөр”

Кыргызстанда 50% га жакын айдоочулар – авто мектепти начар бүткөндөр. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйында транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайрадан даярдоо боюнча мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандын Коргоо кеңешинин өкүлү Алмаз Насыров билдирди.

“Бул көрсөткүчтөр коркунучтуу абалдан кабар берет. Жолдо айдоонун этикасы эмес, элементардык эрежелерин билбегендердин жыйынтыгы көрсөткөндөй бизде кырсыктар абдан көп катталат”,-дейт ал.

А.Насыров авто мектептерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айдоочуларды даярдоо боюнча талапка жооп бере албаган авто мектептердин эсеби түзүлөт жана Мамлекеттик каттоо кызматы аталган эсепке түшкөн уюмдар менен иштешпейт деп белгиледи.

Ал 2014-жылдын 7 айынын ичинде Кыргызстанда 41 миң 92 айдоочулук күбөлүк берилген деп кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...