Акыркы макалалар

Кыргыз китеп окуйбу?

Кыргыз китеп окуйбу?

ЖАРГЫЛЧАК

Кыргыз китеп окуйбу?

Катышуучулар:

1. Ормон улуу Искендер – “Сереп” изилдөө борборунун координатору

2. Садыркулова Анархан – Кыргыз китеп борборунун (“Нуска” китеп дүкөнү) башчысы

3. Сапаев Муса – жазуучу, Ош шаардык аксакалдар кеӊешинин төрагасы

4. Чолуева Нургүл – “Раритет” басма үйүнүн менеджер-консультанты

5. Аманбаев Канат – “Дилазык” басма үйүнүн директорунун орун басары

6. Нурбек Калыгулов – «Китепкөй Бишкек» жарманкесинин жетекчиси

Шоокум: - Китеп окуунун кандай зарылчылыгы бар? Учурда “китеп окубай деле адам болсо болот” дегендерге эмне деп айтар элеӊиздер?

Калыгулов Нурбек: - Китеп окуу өнүгөм деген ар бир адам үчүн зарылдык болуп саналат. Адам бир китепти жазыш үчүн ондогон жылдарды коротот. Демек, китеп окуу менен кыска убакыт ичинде жүздөгөн, миӊдеген жылдардагы адамдардын тажрыйбасы менен тааныша алабыз. Өз убактысын үнөмдөө, тарыхты адамдын басып өткөн жолун билүү үчүн китептен өткөн баалуу булак жок.

СапаевМуса: - Акыркы 20 жылда жалаӊ гана экономикалык маселелерге басым жасап келдик. Ошондуктан элдин руханий азыгы кемиди. Ушул 20 жылдын ичинде биз китеп окубаган улутка айландык. Эл азыр кыйналып турат. Мамлекет башчылардын ичинде, карапайым калктын ичинде үрөй учурган терс окуяларга күбө болуп атабыз, адеп-ахлак кетти. Булардын өзөгү китеп окубагандыгыбызда. Дүйнөлүк масштабда китеп окуунун практикалык мааниси бар экендиги буга чейин далилденген.

Чолуева Нургүл: - Азыркы учурда бала эненин курсагында түйүлдүк кезинде эле китеп окуп, керек болсо музыка уктуруу баланын аӊ-сезимине, психологиясына оӊ таасир берери окумуштуулар тарабынан аныкталды. Ал эми китеп окуу азыр мурдагыга караганда дагы да актуалдашты деп айтар элем. Азыркы учурда маалыматтуу адамдар сөзсүз түрдө утушта болот.

Ормон уулу Искендер: - Китеп окуу – зарылдык, адамдын чечими деп айтар элем. Адам өзү жаратылышынан бир нерсеге кызыгат. Таптакыр кызыкпаган адам болбойт, ошондуктан азыркы күндө китеп жазуучулар окурмандардын кызыгуусун сөзсүз талдап билүүлөрү керек. Жаман китеп жок. Окурманын таппай жаткан китептер бар.

Сапаев Муса: - Китеп окугандар ар кандай максаттарды көздөшөт. Биринчилери бош убакытты өткөзүү үчүн окушат. Экинчилери – белгилүү тематикага кызыккандар, үчүнчү топтогулар болсо чыныгы китеп сүйүүчүлөр деп койсок болот. Тилекке каршы, булардын саны абдан аз болууда. Ал эми төртүнчү топтогулар болсо максаттуу окугандар, булар кайсы китепти эмне үчүн окушу керектигин билишет. Деги эле китеп окуунун практикалык, экономикалык дагы мааниси аябай чоӊ экендиги өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында бир канча жолу далилденген. Азыркы күндө Япония китеп окуу боюнча алдыӊкы орунда турат. Японияда ар бир адамга – жаӊы төрөлгөн баладан баштап абышкага чейин – 11 китептен туура келет. Ал эми АКШда ар бир адамга 9-10 китептен туура келет. Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр андан кийинки орундарда турушат. Азыркы өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү китеп сүйүүчүлөр болуп эсептелет. Ал эми Африка, Азия элдери, анын ичинде биз дагы, китеп окубайбыз, ошондуктан арттабыз.

Шоокум: - Кыргызстан китеп окуу боюнча Африканын, Азиянын арткы өлкөлөрүнө теӊелип калганы, албетте, өкүндүрөт. Кыргызстандын калкынын саны 5 миллиондон ашканы менен, 2010-жылкы Китеп палатасынын статистикалык маалыматтарына ылайык, болгону 800 ар кандай аталыштагы 730 миӊ даана китеп чыгыптыр. Эмне себептен мындай деп ойлойсуздар? Элдин китеп окуу маданиятын кантип калыптандырууга болот?

Сапаев Муса:- Кыргызстанда чыккан китептердин саны калктын санына карата 0,02 пайызга түшүп кетти. Негизинен Батыштын маданиятын кармангандар башыбызды адаштырып, жалаӊ гана оюн-зоокко мээбизди алаксытып жатышат. Мына, жөнөкөй эле мисал келтирсек, КТР жакын арадан бери 24 саат бою көрсөтө баштады.Карасаӊыздар, жалаӊ гана ырчыларды көрсөтүп жатышат. Кыргызстанда алардан башка адамдар, мисалы, инженерлер, окумуштуулар ж. б. жокпу?..

Шоокум:- Батыш өлкөлөрүнөн келишип, тигини көрсөт же муну көрсөт деп КТРдин редакциялык саясатына кийлигишкен жок да. Аны К. Оторбаев командасы менен өзү аныктайт эмеспи.

Ормон уулу Искендер: - Деги эле артта калган өлкөлөрдүн жалпы оорусу – ушул. Алар дайыма өнүккөн өлкөлөрдү күнөөлөшөт. Бизди адаштырган улуу державалар, башка маданияттар дешет, алар кысымга алып жаткандыгын айтышат. Балким, анын чындыгы бардыр. Андай болсо, эмне себептен биздин интеллигенциянын мүчөлөрү алардын жүзүн ача турган, альтернативалуу сунуштарды бербейт?

Китеп окуу адамдын кызыгуусу менен тыгыз байланышкан. Ар бир китеп өз доорунун баласы болуп саналат. Себеби ошол доорлордогу көйгөйлөрдү чагылдырат. Окурмандардын табитин тапса, элдин аӊ-сезиминен түнөк табат. А таба албаса, ага талап болбойт. Эмне себептен азыркы күндө Гарри Поттерге окшогон чыгармалар элдин зор кызыгуусун туудуруп жатат? Классикалык чыгармалардын өз окурмандары бар, бирок алар мурункудай популярдуу болбой калды. Азыркы күндө жазмакерлер ыкчам өзгөрүп жаткан талаптарга жооп бере тургандай китеп жазыш керек. Менин билишимче, мындан 3 жыл мурунку статистика боюнча, Скандинавия өлкөлөрүндө жыл бою окулган китептердин санын жан башына бөлүштүрө келсек, 28-29 китептен туура келе тургандыгы айтылган. Ал эми Ортоӊку Чыгыш өлкөлөрүндө 10 кишиге бир китеп туура келип жатат. Биздин өлкөгө салыштырсак, ажырымы аябай эле чоң. Бизде интеллигентмин дегендердин арасынан жылдар бою китеп ачпай жүргөндөрдү жолуктурууга болот. Ошондуктан суроо туулат: Биз китеп окубагандыгыбыз үчүн арттабызбы же артта калгандыгыбыз үчүн китеп окубайбызбы? Бул жөнүндө ар бирибиз ойлонушубуз керек. Азыркы күндө телефонго, компьютерге болгон кызыгуу күч, андыктан бул талаптарды да эске алуу максатка ылайык.

Шоокум: - Тилекке каршы, Кыргызстанда кайсы китепке болгон талап күчтүү экендигин расмий изилдеген статистикалык маалымат жок. Бул багытта иш жүргүзгөн мекеменин жоктугу абалдын оор экендигин билдирет. Китеп дүкөндөрү сатылып жаткан китептердин рейтингин ачык чыгарышпайт. “Нуска”, “Раритет” китеп дүкөндөрүндө кайсы китептер аябай өтүмдүү болууда?

Чолуева Нургүл: - Адатта биз статистикалык маалыматтарды августтан августка карата тактайбыз. Былтыркы жылы балдар адабияты жакшы өттү. Бир жылда “Раритет” дүкөндөрүнөн 95-100 миӊ балдар адабияты боюнча китеп сатылды. Андан кийин көркөм китептерден Пауло Коэлонун “Алхимик” китеби – биртоп жылдан бери жакшы сатылган китептерден. Андан тышкары практикалык психология багытындагы китептер дагы абдан жакшы сатылууда. Кыргыз авторлорунун ичинен Ч. Айтматовдун“Тоолор кулаганда” романы жана “Манас” эпосу да окурмандарарасында аябай чоӊ кызыгууну туудуруп жатат.

Садыркулова Анархан: - Албетте, азыркы күндө окурмандардын табитин канааттандыра турган китептер жокко эсе болуп жатат. “Раритет” дүкөнүндөгү китептер менен “Нуска” дүкөнүндөгү китептерди салыштырып болбойт. “Нускадагы” китептердин сапаты абдан төмөн. Мен “Раритетке” киргенде Европанын китеп дүкөнүнө киргендей эле болом. Башка тилдерде чыккан адабияттардын жасалгасы абдан жогорку деӊгээлде. Бизде айрым окуу китептери жакшы өтөт, алардын өтүшү мугалимдердин “сатып алгыла” деген талабынан улам. Ал эми көркөм адабий китептер азыр 1000 нускадан ашык чыгарылбай калды.

Калыгулов Нурбек: - Менин китеп жарманкемде азыркы күндө кыргыз эл жомокторуна талап жакшы. Андан тышкары элдин арасында макал-лакап китептерине болгон талап аябай күчтүү. Учур талаптарына ылайык акындардын чыгармаларын атайын MP 3 кө жаздырып эл арасында жайылтууну максат кылып атабыз. Максатыбыз элдин поэзияга болгон кызыгуусун арттырышыбыз керек.

Шоокум: - Азыркы күндө жаштардын китеп окубай калганын улуу муундун өкүлдөрү технологиянын өнүккөндүгү, компьютер, телефон, DVD, телевизор жана башка нерселер менен байланыштырып жатышат. Ал эми жан башына 20-30 китеп окуп жаткан өнүккөн өлкөлөрдө технология бизден кем өнүккөн жок да, кандай дейсиздер? Балким, бул көйгөй жалпы кыргыз элинде китеп окуу маданияты жакшы калыптанбагандан болуп жүрбөсүн?

Сапаев Муса: - Тажикстандын Хорог шаарында 82 кыргыз үй-бүлөсү бар.Эки жыл мурун Хорог шаарынын 80 жылдыгына карата шаардын маданият бөлүмүнүн башчысы кыргыздар кыргызча унутуп калбасын деп аларга кыргызча китеп топтомдорун тапшыруу максатында китеп алуу үчүн Ошко келип, үч күн бою шаардан, Карасуу базарынан китеп издеп кыргызча китеп таппай коёт. Айласы кеткенде мага окшогон жазуучуларга кайрылды, биз колубуздагы китептерди топтоп бердик. Тажикстанга барсак, алар: “Силерде кыргызча китеп сатууга мораторий жарыяланганбы?” – депкапа болушту. Бул биздин китепке болгон мамилебизди көрсөтөт. Кыргызстанда китепти окурманга жеткирүү механизми таптакыр талкаланган. Эл китеп окуйт. Чыккан китептер окурманга жетпей жатат. Ошто китеп дүкөнү деп ачып алган жайларга барсаӊыз, алар кеңсе товарларын сатып отурушат.

Садыркулова Анархан: - 1996-1997-жылдары Кыргызстанда китеп дүкөндөрү сатылып кеткен. Бишкекте 25, Нарында 4, Караколдо 4, Балыкчыда 4,Ошто 20дан ашык дүкөн бар эле. Максаттуу түрдө чыккан китептер таратылып турчу. Андан тышкары элибизде китепти белекке берүү, чыгарылган китептерди талкууга алып, аймактарда авторлор менен жолугушуу сыяктуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турар эле.

Калыгулов Нурбек: - Сатуу жана таратуу ыкмасы дурус деӊгээлге коюлган. Каражат жетишинче аракет кылып жатабыз. Региондорго жеткирүүдө аймактарга каттаган таксилер аркылуу маселелерди чечебиз. Азыркы күндө келечек жаштардыкы дешет. А мен келечек эмес, азыркы күн жаштардыкы деп айтар элем. Көчөттү өстүрүш үчүн ага бүгүн суу куюу керек. Азыркы күндө биз китепти окурманга жеткирүү үчүн колубуздан келген ыкмаларды колдонуп жатабыз. Китепти жонума коюп алып, Дордой базарын кыдырып сатчумун. Дүкөндө отурганда 100 китеп сатсаӊыз, ушул сыяктуу ыкмаларды колдонуп миӊдеген китептерди сатууга болот. Ошондуктан кол куушуруп отура бербестен, аракет кылышыбыз керек. Мамлекет тараптан айрым басылмаларга жаӊы чыккан китептердин жарнамасын арзан же бекер бастыруу, китеп дүкөндөрүн ачуу боюнча жеӊилдиктер каралса, бул тармакты өнүктүрүп кетет элек.

Ормон уулу Искендер: - Азыркы китеп системасынын ушундай абалга келиши – коомдун трагедиясы. Китептин маанилүү экендигин китеп жазуучулар эле эмес, коомубуз дагы аңдап, бул жагдайга өзүнүн мамилесин көрсөтүшү керек. Азыр айтып жатышпайбы “Нуска” китеп дүкөнүн эч ким билбейт деп. Бирок биз кайсы жерде жакшы эт же бут кийим сатыларын билебиз да. Эгерде китепке ошондой кайдыгер мамиле болуп жатса, демек, булбиз китепке болгон муктаждыкты сездире, жеткире албаптырбыз дегендикке жатат. Ошондуктан ар кимибиз өзүбүзгө суроо береличи. Учурда үй-бүлөнүн канча мүчөсү болсо, ошончо мобилдик телефон бар. Ошол эле мезгилде ар кимибизге тиешелүү китептерибиз барбы? Качан кайсы китепти окудум? Эгерде биздин балдарыбыз ата-энесинин, мугалимдин китеп окуганын көрбөсө, анан кантип алар китеп окууга көнүшөт? Жакшы китептер чыгып жатат. Бирок бул багытта байланыштыра турган китепти таанытуу механизми иштелип чыккан эмес. Телевидение, гезит-журналдар бул багытта дээрлик иш алып барбайт. Бул маселенин маанилүү экендигин бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калкка жеткириш керек. Бизге азыр өткөөл учурдун дербиштери керек. Өнүккөн өлкөлөрдө китепти пропагандалоо боюнча жакшы иштерди аткарышат. Өзгөчө мамлекет башчылар, коомдук ишкерлер башканы коюп, китепти пропагандалашы керек.

Сапаев Муса: - Алыска кетпей эле Орусиянын мисалын алышыбыз керек. Алар буга чейин ачылган бардык китеп дүкөндөрүн сактап калышкан. Эми замандын талабына ылайык китеп дүкөндөрүн ача башташты. Носовосибирскиде 3 кабат китеп супер- маркетин курушуптур. Ошондой эле ар кыл соода түйүндөрүн ачкан адамдарга сөзсүз түрдө китеп бөлүмдөрүн ачуу милдеттендирилген. Китеп саткан адамдарга мамлекет кошумча акча берет экен. Мына, элдин китеп маданиятын калыптандырууга карата реалдуу кадамдар. Андан тышкары “Книжный мир” деген журнал чыгып турат. Анда чыккан китептер тууралуу маалыматтар берилип турат.

Шоокум: - Ар бир тармактын өнүгүшүнө ошол тармакта иштеген адистер салым кошуп, керек болсо конкреттүү иш-чараларды аткарат эмеспи. Сиздердин оюӊуздар боюнча, китеп окуу маданиятын өстүрүү үчүн кандай кадамдарды жасаш керек?

Сапаев Муса: - “Ош-3000”мааракесине карата Ошту өнүктүрүү үчүн сунуштарды бергенбиз. Ошондо Ош шаарынынчок ортосунда китеп дүкөнүн ачуу боюнча атайын долбоор даярдаганбыз. Ишке ашыра келгенде чоӊдор, биринчи кезекте, ошону сызып салышыптыр. Ошондуктан биз китепке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек.

Чолуева Нургүл: - Балдардын ар бир курагына жараша өз талаптары болот эмеспи. Кичинекей балдар китепти караганда эле анын түсүнө, сүрөттөрүнө көӊүл бурушат. Кагаздын сапаты да маанилүү. Андан кийин балдардын жаш курагынажараша кыска тексттер кошулат. Ошентип отуруп орус тилдүү балдарда акырындык менен китеп окуу маданияты калыптанууда. Ал эми кыргыз тилдүү балдар үчүн иштеген мыкты басылмалардын жоктугу бизди намыстантышы керек.

Аманбаев Канат: - Китеп окуу маданиятын өстүрүү боюнча парктарда, кафетерийлерде, атайын эсалуу жайларында китеп бурчтары уюштурулушу максатка ылайык. Мамлекеттик кызматкерлер, коомдук жайларда ишкердик иш менен алектенген адамдар коомду руханий жактан азыктандыра турган иштерди кошо ала жүрүшү керек. Мисалы, өткөндө паркка самолёт коюшуп, анын ичине балдар үчүн китепкана уюштуруп коюшуптур. Бул балдардын китепке болгон кызыгуусун сөзсүз арттырат. Өзгөчө эс алуу жайларында ишкерлерди китепкана ачканга милдеттендирсек туура болот. Эл чогулган жерлерде атайын окуу залдарын бекер уюштурушубуз керек.

Садыкбекова Анархан: - Мисалы, жаштар Бакыт өргөөсүндө нике күбөлүгүн алып жатканда “Манас” энциклопедиясы тапшырылса деген сунуштар берилген, бирок бул курулай сөз боюнча калып кетти. Андан тышкары балдар төрөлгөндө атайын китептер тапшырылса кандай сонун болор эле.

Ормон уулу Искендер:- Кайсы доордо жашап жатканыбызды талдап туруп, ошого карата иш кылышыбыз керек. Кыргызстандын өз жолу бар. Азыркы шартта Амазон сыяктуу сайттарда китеп сатуунун көлөмү жылдан-жылга артып баратат, бул ыкмаларды чечкиндүү түрдө колдоно башташыбыз керек. Чет өлкөдө жүргөндө бир профессор менен жолугуп калдым эле. Ал эртеӊ мененкисаат алтыда туруп, кызы экөө 1,5-2 саат китеп окучу экен. Бара-бара бул нерсе көндүмгө айланып, кызы дагы кийин коомдогу билимдүү адамдардын бирине айланган экен. Дагы бир профессор китепти кантип окуу керектиги тууралуу өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү эле, ошону да айта кетсем. Анын үч баласы бар экен, кенже баласына жашына ылайык китеп берип, тексттеги жаныбарлар жөнүндө айтылгандарды талда, аларды өзүӊ кайра түз деп, экинчисине окуган нерсесин кайрадан өз сөзүң менен кыскача жаз деп тапшырма берем дейт. Үчүнчүсүнө буга каршы кандай пикир билдиресиӊ, ошону жаз деп өтүнөм дейт. Бул иш-чараны бүткөндөн кийин чогуу отуруп кофе ичип же торт жеп, бири-бирибизди шыктандырышыбыз мүмкүн дейт. Кийин анын тун кызы өлкөдөгү мыкты аналитик журналистке айланыптыр. Ушундай мисалдар бизди да шыктандырышы керек. Улуу адамдарыбыз ушундай ийгиликтерин эл менен бөлүшүп, элде муктаждык жаратуу кампаниясын жүргүзүү зарыл.

Талкууну уюштурган Асылбек Жоодонбеков

"Шоокум" журналы, , №9 (73) сентябрь, 2012-жыл:

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...