Акыркы макалалар

Иосиф Кобзон Латвия өлкөсүн европалык сотко берди

Иосиф Кобзон Латвия өлкөсүн европалык сотко берди

Орусия Мамлекеттик Думасынын маданият боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Латвия өкмөтүн аны өлкөсүнө киргизүүгө тыюу салгандыгы үчүн европалык сотко берди. Бул тууралуу депутат Мамлекеттик Думанын комитетинде билдиргенин ИТАР-ТАСС булагы кабарлоодо. Атактуу ырчы Латвияга киргизбей койгондугу үчүн моралдык жана материалдык чыгаша төлөөсүн талап кылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Орусиянын атактуу ырчылары Олег Газманов, Иосиф Кобзон жана Валерияга Юрмалада өтүүчү жаш аткаруучулардын "Жаңы толкун"фестивалына катышууга уруксат берилген эмес. Латвия тышкы иштер министри Эдгар Ринкевичдин чечими менен бул ырчылар кара тизмеге кирип калган. Анын себебин Латвиянын тышкы иштер мекемеси орусиялык ырчылардын аракеттери Украинанын эгемендүүлүгүн жана биримдигин бузуп жатышкандыгынан улам, бул чечимди Латвиянын иммиграциялык мыйзамынын 61-беренесинин негизинде кабыл алгандыгын билдиришкен. СССРдин эл артисти Иосиф Кобзондун пикири боюнча, ал жактоочу Барщевский менен Европалык сотко арызын берди. Ал 22-27-июль күндөрү Латвияда өткөрүлгөн "Жаңы толкун" жаш аткаруучулардын эл аралык конкурсуна катышуу үчүн алдын ала мейманканага 11,5 миң евро төлөгөн. Ал эми мейманкана болсо акчасын кайрып берген эмес.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...