Акыркы макалалар

Жалал-Абадда 23-сентябрь күнү органикалык азык-түлүк көргөзмөсү болот

23-сентябрь күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында Хелветас Швейцариялык Эл аралык кызматташтык уюмунун, Голландиялык ICCO Кооперейшндин колдоосу менен органикалык пахтаны өндүрүү жана сатууну колдоо “Био Пахта” долбоорунун 10 жылдыгына арналган органикалык азык-түлүк көргөзмөсү болот.

Бул тууралуу 16-сентябрь күнү “Кабар” маалымат агенттигинин Жалал-Абаддагы маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында «Био Фермер» айыл-чарба товардык сервистик кооперативинин башкармалыгынын төрагасы Нурбек Канназаров билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, бул көргөзмөнүн өткөрүлүшү Кыргызстанда органикалык чарба жүргүзүүнүн башталгандыгынын 10 жылдыгына арналат. Көргөзмөнүн максаты – органикалык азык-түлүк өндүрүүчүлөр менен кардарлардын ортосундагы байланышты өнүктүрүү. Коомчулуктун көңүлүн органикалык чарбага буруу болуп саналат. Көргөзмөдө органикалык жол менен өстүрүлгөн табигый таза өсүмдүктөр коюлат.

“Органикалык жер жемиштер элге жетпей жатат. Ошондуктан көргөзмөгө органикалык айыл чарбасында өстүрүлгөн продукцияларды коюп, элге бул боюнча кеңири маалымат берели деп жатабыз. Көргөзмөнүн жүрүшүндө органаикалык жол менен өстүрүлгөн табигый таза азык-түлүктөр менен таанышууга мүмкүнчүлүк болот», - дейт Н.Канназаров.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...