Акыркы макалалар

Ош шаары күзгү жана кышкы жылуулук мезгилине 80 пайызга даяр

Ош шаары күзгү жана кышкы жылуулук мезгилине 80 пайызга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу билдирди.

"Бирок көйгөйлүү маселелер жок эмес. Маселен, жеке секторлорду көмүр менен камсыз кылуу маселеси бар. Учурда көмүрдүн баасы 4 сомдон 11 сомго чейин сатылып жатат ",- деди ал.

Ошондой эле вице-мэр Ошто газ көйгөйү жаралгандыгына байланыштуу апрелден тартып электр энергиясын пайдалануучулардын саны 20-25 пайызга өсүп кеткендигин билдирди.

"Ошондой эле социалдык мекемелерге тамак даярдоо маселесинде дагы көйгөйлөр жаралууда",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...