Акыркы макалалар

Газга болгон тарифтин баасы 1-октябрдан тартып маалым болот

"Учурда күз-кыш мезгилдерине карата өлкөнү газ менен камсыз кылуу маселеси чечилди". Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Отун жана энергетика министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, газды сатып алуу баасы дагы аныкталган.

"План боюнча 307 млн куб газ сатылып алынат. Анын 50 млн кубу түштүккө каралган. Алганы түндүк аймагына. Буга чейин түштүккө газдын кубун 294 доллардан, ал эми түндүккө Казакстандан 224 доллардан сатып алып келсек, эми "Газпромдон" түштүк аймагына 165 доллардан сатып алабыз. Ал эми элге болгон баа 1-октябрдан баштап билинет",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...