Акыркы макалалар

Мугалимдердин маянасы эң зарыл 12 азыктын экөөнү гана сатып алууга жетет

2013-жылы мугалимдердин айлык маянасынын сатып алуу мүмкүнчүлүгү 12 азык корзинасынын арасынан 1-3 топтомду гана сатып алууга мүмкүнчүлүк берген. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын жана КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин жетекчиси Асылбек Токтогулов ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, инфляциянын өсүшү менен өлкөдө жыл сайын мугалимдердин айлык маяналарына сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөөдө.

«Эгерде азык-түлүк товарларын ала турган болсок, 2013-жылы 12 аталыштагы продуктудан мугалим 2-3 гана товарды алууга мүмкүнчүлүгү болгон, ал эми 2014-жылы тиричиликке эң керектүү 2 гана продуктуну алган. Чектелген ассортимент: эт, сүт, картошка, өсүмдүк майы», - деди А.Токтогулов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...