Акыркы макалалар

Кара-Суу районунун Жийделик айылында Окуу борбору ачылат

Кара-Суу районунун Жийделик айылында Окуу борбору ачылат

Кара-Суу районунунун Жийделик айылындагы № 65 Тажиматов атындагы орто мектепте орус тили жана компьютердик окуу борбору ачылат. Бул тууралуу проектин кординатору Айнура Мамажунус кызы билдирди.

Бул борбор мигранттардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары үчүн ачылууда. Максаты Орусияга кетүүчү мигранттарга орус тилин үйрөтүү болуп саналат.

Борбор "Ош жана Жалал-Абад облустарында 8 жамаатта укук коргоо институтун куруу жана бекемдөө аркылуу мигранттардын үй-бүлөрүнүн ишеничин бекемдөө” долбоорунун алкагында ачылат.

Ага "Интербилим Эл аралык борбору”, жергиликтүү айыл өкмөт жана жергиликтүү калк көмөк көрсөткөн.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...