Акыркы макалалар

Мечиттен уурулук кылган өспүрүм кармалды

Борбор калаанын ШИИББнин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган жашоочусу Б.Элчибектин кол баштыгын Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечиттен белгисиз бирөөлөр уурдап качып кеткен.

Бул боюнча Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 1997-жылы туулган Бишкек шаарынын жашоочусу Ж.Даниел кармалды.

Азыр кармалган өспүрүм Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...