Акыркы макалалар

Таласта төө буурчакты жыйноо иштери башталды

“Быйыл таластык дыйкандар жана фермерлер 54847 гектар жерге төө буурчак эгишкен. Бул алдыңкы жылдарга салыштырмалуу кыйлакөп”, – дейт облустук өкүлчүлүктүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов.

“15-сентябрга карата жалпы эгилген төө буурчактын 5788 гектары гана жыйналып алынды, бул жалпы эгилген аянттын 10 пайызын түзөт. Облустун дыйкандары өткөн жылы төө буурчактын мол түшүмүн жыйнашып, анын бир килограммын 115-120 сомго чейин сатышып, жакшы пайда көрүшкөн. Быйыл сугат суусу кыйла тартыш болуп дыйкандар бир топ кыйналышты. Эми күз жылуу болуп, жаан-чачын болбосо төө буурчак эккендерге анан түшүмүн коромжусуз жыйноого жакшы болот эле”,- деп кабарлайт А.Шатманов.

Ошондой эле облуста картошка, жашылча, май жана бахча өсүмдүктөрүн жыйноо жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...