Акыркы макалалар

Ошто шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу өтүп жатат

Бүгүн, 15-сентябрда түштүк калаада "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдүк киргизүү боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Ага парламентарийлер Өмүрбек Текебаев, Абдыжапар Бекмаматов, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кенешетин депутаттары катышууда.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна ылайык, республикалык жана аймактык болуп эки бөлүктөн турган саясий партиялардын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесин түзүүдө жаңы тартипти аныктоо киргизилет. Мындан сырткары саясий партиялардын шайлоо фонддорунун өлчөмүн көбөйтүү; преференттик добуш берүүнү орнотууга, башкача айтканда, шайлоочулар өздөрүнүн добуштарын саясий партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерге берүү каралган.

Долбоордо шайлоочуларды идентификациялоо, добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жаңы автоматташтырылган технологияларды шайлоо практикасына киргизүү да эске алынган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...