Акыркы макалалар

Issyknews. Жети-Өгүз районунун № 3189 шайлоо тилкесинин айрым талапкерлери шайлоонун жыйынтыгына нааразы

Жети-Өгүз районундагы Жалгыз-Өрүк айыл округунун жергиликтүү кенештин депутаттыгына талапкерлигин койгон айрым жарандар нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралу Ысык-Көл облустук демократия жана жарандык коом коалициясынын региондук директору Мира Абдраимова билдирди.

Маалыматка ылайык бул участкада шайлоочулардын тизмеси табылбай жатат: “Ал эми нааразы болгон тарап, тилкелик шайлоо комиссиянынын төрагасы жеңген тараптын жолдошу болгон, ошондуктан ал жерде кызмат абалынан пайдаланып коюшту деген доомат айтып, шайлоо комиссиясына арыз жолдошкон. Бул боюнча Бишкектен БШКнын мүчөлөрү чакырылды. Алар пакеттерди ачып, шайлоочулардын тизмесин карашат. Балким бюллетендерди санап чыгуулары мүмкүн.”-дейт М. Абдраимова. Учурда Ысык-Көл облусунун баардык шайлоо тилкелеринде бюллетендерди санап, протоколдорду толтуруу жүрүүдө деп кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...