Акыркы макалалар

Күз келип, Ат-Башынын мал базарында соода кызуу жүрүп жатат

Күз келип, Ат-Башынын мал базарында соода кызуу жүрүп жатат

Ат-Башыда мал базар ар жекшемби күнү иштейт. Базардан океандан кармалган балыктан баштап, ысыкты сүйгөн тропикалык жемиштерге чейин тапса болот.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мал базар Кырызстандагы ири мал базарлардан болуп эсептелет. Бул мал базарга өлкөнүн булуң-бурчунунан келип соода кылышат. Өзгөчө күз мезгилинде мал семиргенде атбашылыктардын соодасы жүрөт. Мал базарда мал саткандарга караганда, аны сатып алуучулар көп.

Ат-Башыда мал базар ар жекшемби күнү иштейт. Бул күнү мал базарда бут коерго жер жок калат. Андан сырткары азык-түлүк сатып келген соодагерлер көп. Жекшемби күнү бул базардан океандан кармалган балыктан баштап, ысыкты сүйгөн тропикалык жемиштерге чейин тапса болот. Соодагерлер "Бишкекке келбеген товарларды биз Ат-Башыга алып келебиз" деп тамашалап калышат экен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...