Акыркы макалалар

С. Каралаевдин 120 жылдыгында 7 манасчы 7 күн манас айтат

Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган маараке ушул жылдын 26-сентябрында Балыкчы шаары менен Ак-Өлөң айылынын ортосунда жайгашкан Кызыл-Саз жеринде өткөрүлөт. Аталган иш-чарада 7 боз үй тигилип 7 күн 7 манасчынын манас айтуусунун коштоосунда болот. Бул тууралуу Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган “Эстен кетпейт” чыгармалар жыйнагынын бет ачарында “Саякбай манасчы” коомдук фондунун өкүлү Нургазы Бакалов билдирди.

Анын айтымында аталган иш-чара көчмөндөр оюнунун элесин дагы бир жолу чагылдырып, кыргыздын тарыхын, маданиятын даңазалайт.

“Бул иш-чарага учурда өлкөнүн мыкты манасчылары даярданып жатат.Алар көөнөрбөс маданиятты, манас айтуунун касиетин көргөзүп, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин жаркын элесин эскеришет. Негизи кыргызда 7 деген сан өзгөчө сан, ошондуктан Ысык-Көлдө боло турган 120 жылдык юбилейи өзгөчө 7 саны менен айырмаланат. Көчмөндөр оюнунун өткөрүлүшү, жана ушундай касиеттүү адамдардын чыгармаларын даңазалоо элдин рухун, духун жана жан дүйнөсүн аруулукка бөлөп, өнүгүүгө дем күч берет деп ойлойбуз”,-дейт Н.Бакалов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...