Акыркы макалалар

Ошто "Кыргызча сабаттуу жазалы!" акциясы башталды

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык мэриясы жана прокуратура кызматы коомдук жайлардагы көрнөк-жарнак, жазууларды текшерүүгө алууда. Акциянын биринчи күнүндө эле "Мамлекеттик тил мыйзамынын" талаптары аткарылбай жатканы, көрнөктөрдө стилистикалык, грамматикалык каталарга орун берилгени айкын болду.

Мэриянын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Эркайым Маматкеримованын айтымында, көпчүлүк көрнөк-жарнактар мамлекеттик эмес, расмий тилде жазылган. Бул боюнча коомдук жайлардын кожоюндарына эскертүүлөр берилди.

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган акция сентябрь айынын соңуна чейин уланат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...