Акыркы макалалар

Атамбаев диний экстремизмге көңүл бурууга чакырды

Дүйшөмбүдө өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев аймактагы диний экстремизм маселесине көңүл бурду. Ал өз сөзүндө Борбор Азиядагы диний экстремизмдин жайылышы, ар кыл террордук топтордун кирүү коркунучу жана наркотрафик аймактын эң негизги көйгөйлөрү болууда. Мындан улам президент Атамбаев ШКУнун алкагында бул коркунучтарга биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө ШКУнун саммити өтүүдө. Ага уюм мүчөлөрү Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын президенттери, Монголия, Түркмөнстан, Иран жана Пакистандын жетекчилери катышууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...