Акыркы макалалар

Кемин районунда төмөнкү класстын окуучуларынан акча талап кылган бала кармалды

Кемин районунда өспүрүмдөрдүн иши боюнча Инспекциясынын кызматкерлери акча талап кылган 14 жаштагы баланы кармашты. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, учурда инспекциянын кызматкерлери өспүрүм жана анын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүшүүдө. Белгилүү болгондой, өспүрүм бала окуу жылынын башынан бери кичүү класстын окуучуларынан акча талап кылып келген.

«Бүгүнкү күндө мугалимдердин катышуусунда, жабыр тартуучу жана баланын энеси жана алардын өздөрү менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Баланын жаш курагын эске алуу менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Анын апасына административдик протокол түзүлдү. Өспүрүм учурда каттоого тургузулду, бул айына бир жолу инспекторлор анын үйүнө барып турушат дегенди түшүндүрөт. Бирок, жакынкы убакта жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекция тарабынан активдүү ишмердүүлүк жүргүзүү пландалууда. Бул иштерге мугалимдер дагы кошулду», - деп билдиришти облустук милициядан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...