Акыркы макалалар

Университеттерди кыскартабыз, кантип?

Университеттерди кыскартабыз, кантип?

Ушу тапта Кыргызстандагы элүүдөн ашуун жогорку окуу жайларынын санын кыскартуу, илим менен билимдин сапатын көтөрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Жогорку окуу жайлардын саны боюнча күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде алдыңкы орундардын бирин ээлерибиз буга чейин деле белгилүү болчу. Жамыраган окуу жайлар ачыла баштаган чактан бери эле кыскартуу зарылдыгы айтылып келатат. Республиканын билим жана илим министрлиги буга чейин айрым жогорку окуу жайларынын жер-жерлерде ачылган филиалдарын, ага улай сырттан окуу бөлүмдөрүн, андан соң университет багытына шайкеш келбеген факультеттерди жоюп, башында жүздөн ашып кеткен билим мекемелеринин кыйласын чын эле кыскартууга жетишти.

Эмки кезек саны көп жогорку окуу жайлардын өзүнө келип жетти окшойт. Бир кезде жабыла университет атына көчкөн, академия атын алган, болбосо институт макамына ээлик кылгандардын өзүн азайтуу милдети коюлууда. Буга чейинки жасалып келген иштердин арасындагы эң татаал, түйшүгү түмөн милдеттердин бири ушул.

Жогорку окуу жайлары жамырап көбөйүп баратканда а кездеги мамлекет башчы, өмүрүн жогорку билим берүү тармагына арнап койгон академик А. Акаев мектепти аяктаган жаштар көчө таптап басып калбашы үчүн минтип жогорку окуу жайларын ачып жатышканын көп айтчу. Антсе деле көчө таптачу жаштардын көбу чет жерге жумуш издеп кетишти. Четке иштеп кеткендердин көбү студенттер болчу, алардын ордун жоктотпой бул жерде калган зачеттук китепчеси дипломго жетип, айрым эпчил жаштар ишин да иштеп, жогорку билимге да ээ болуп, тармакта калаты жагдай түзүлгөнү элдин көбүнө белгилүү.

Билим берүү системанын ичтен чириши, жемкорлуктун сазына биротоло батып калышына биртоп себептер өбөлгө түзгөнүн бул жерде майдалап чечмелебей эле коёлу. Бирок да, заман оошуп, коом өзгөргөнү менен эл арасында кандай да болсо жогорку билим алып коюу көнүмүшү дагыле күчтүү экенин белгилей кетиш керек. Анын үстүнө ушу тапта социализм кезиндегидей мамлекеттик колдоодон ажыраган мектеп чаласабат окуучулардын баарына аттестат тапшырып, уядан учурууда. Мындай шартта окуу акысын төлөөгө кудурети жеткен ата-энелердин баары билимине карабай балдарын жогорку окуу алып келүүдө. Келген абитуриенттердин дээрлик баары жогорку окуу жайына өтөрүнөн эч кам санабай деле койсок болот. Жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыгына жараша жаштардын көбү эки-үч университетке өтүп, анын бирөөн тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишпедиби.

Мектеп туш келген проблема жайнаган жогорку окуу жайлардын көбүнүн мойнунда деле илинип турат. Алардын эң орчуну - студенттердин жогорку билим алууга жан талашып аракет кылбагандыгы, мектептен алган билиминин өтөле төмөндүгү, нукура билим алса деле окууну бүткөндөн кийин жумуш табар-таппасынын белгисиздиги. Иши кылып, билим берүү системасынын биртоп жылдардан бери топтолуп калган жарасын чукуп, аны заманбап эреже-талаптарга шайкеш келтирүү аракети мамлекет башчынын демилгеси менен башталып отурат.

Жайнаган жогорку окуу жайларынын санын кыскартуу менен эле проблема чечиле турган болсо ал үчүн канча адистерди иштен алаксытып, жумушчу топ, комиссия түзүштүн кажаты деле жок болчу. 31 мамлекеттик, 21 менчик университеттердин кыскартчусун кыскартып, кошчусун кошуп, бириктирчүсүн бириктирип коюу иштерин министрлик өзү эле жүзөгө ашырып коймок. Бирок бул жерде абай салып, кенен-кесир ойлоно турган олуттуу маселе бар. Кыргызстанда жөнеле билим алып коюу көнүмүшу бекем орун алган. Алганда да жогорку билим, мүмкүн болсо укукчу же экономика адистигине жетиш керек.

Коомдук турмуштун кескин өзгөрүшү, базар-нарк мамилелери шартында Кыргызстанда өзгөчө оожалган жемкорлук көпчүлүк арасына теңирден тескери түшүнүк, көз карашка кенен жол ачып берди. Жаамы журттун аң сезимине бекем орноп алган жалган элес-түшүнүктөрдүн айынан укукчу менен экономист кесибинин баркы көтөрүлүп, жаңы муун арасында бел оорутпай, кол жоорутпай акча табуунун оңой жолдорун издөө аракетин жандантты. Коомдун экономикалык жерпайын түзчү жаратмандык, өндүрүш ишин жолго коюу, өнөржай тармагын жандантуу сындуу эң керектүү кесиптердин баркы түшүп, жалган элес-кыялдардын арааны жүрүүдө. Мына ушул калыптанып калган түшүнүк көз карашты жаңы демилге ээлери өзгөртө алышар бекен?

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...