Акыркы макалалар

Сириядагы согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын бешөө каза болду

Сириядагы согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын бешөө каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, учурда Сириянын аймагында 90дон ашуун кыргыз жараны согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Жогорудагы сан расмий гана көрсөткүч, алар мындан көп болушу мүмкүн экендиги белгилүү болду.

Эске салсак, буга чейин Сириядан бир катар жарандар кайтарылган, учурда алардын айрымдары психологиялык көзөмөлдө болуп жатышат. Буга катар эле Кыргызстандан Сирияга кетип жаткан жарандар да катталууда. Алардын айрымдары радикалдуу көз карашты карманышса, кээ бири экстремисттик топторго алданып калып жатышат

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...