Акыркы макалалар

Аксы районунда уюшкан мал уурулар тобу кармалды

Аксы районунда уюшкан мал уурулар тобу кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймагында мал уурдаганга шектүүлөр кармалды.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү алынган маалыматтын негизинде Аксы РИИБнүн кызматкерлери жана элдик кошундар менен биргеликте кылмышка шектүү катары Аксы районунун тургуну 1998-жылы туулган жашы жете элек, Т.Н. аттуу бала Аксы районунун Кашка-Суу айылынын тургуну Юсупов Рахманжандын бир баш малын үйүнүн алдына тушап койгон жеринен уурдап барып Өзбек Республикасына өткөрүп жаткан жеринен кармалган жана аталган факты боюнча да тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү Аксы районунун Кара-Жыгач айылынан алынган алдын алы оперативдик маалыматтардын негизинде Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну 1983-жылы туулган Акылбеков Рустам Токторовичке таандык болгон мамлекеттик белгиси О54 63АЕ үлгүсүндөгү Хундай-Портер автоунаасына 3 баш малды жүктөп бараткан жеринен шектүү катары токтотуп текшерген. Ошол учурда Аксы районунун Авлетим айылынын талаасынан Авлетим айылынын тургуну 1977-жылы туулган Орозбаева Аида Токтогуловна менен Сузак районунун Барпы айылынын тургуну 1977-жылы туулган Төрөбекова Жыргал Кадырбековна экөө алдын ала макулдашып мал уурдап жүктөп Токтогул районунун Өзгөрүш айылында өтүүчү базарга сатуу үчүн алып бара жаткандыгы аныкталган.

“Аталган факты боюнча мал ээлери табылып кайтарылып берилди. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө Аксы районунун аймагындагы катталган башка мал уурулук фактылары боюнча да милиция кызматкерлери тарабынан оперативдик-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...