Акыркы макалалар

В.Диль кытайлык энергокорпорациялардын өкүлдөрү менен долбоорлор маселесин талкуулады

Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль башкы менеджеринин орун басары Жин Жангуа башында турган мамлекеттик «SYNOHYDRO» энергетикалык корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууну ачып жатып В.Диль “SYNOHYDROнын” өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши кытайлык ири компаниялардын Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгондугунан кабар берет деп белгиледи.

“Өкмөт эки тараптуу кызыгууну жараткан долбоорлорду колдоого даяр. Кытай биз үчүн – жыл өткөн сайын кызматташтыгы өнүгүп жаткан жакын кошуна. Датка-Кемин чубалгысын, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулуштары жана Бишкек ЖАБды реконструкциялоо менен алектенген кытайлык компаниялар Кыргызстандагы иштин тажрыйбасын билип калышты”,-дейт ал.

Өз кезегинде инвесторлор вице-премьер-министр менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү үчүн ыраазычылык билдиришип, бардык тармакта бизнес жүргүзүүчү өздөрүнүн корпорациясы жөнүндө маалымат беришти.

“Азыркы учурда биз Кытайда өтө ири суу энергетикалык долбоорду ишке ашырып жатабыз. Кытайлык электростанциялардын 70%ы биздин корпорация тарабынан курулган. Муну менен катар «SYNOHYDRO» корпорациясы экономиканын ар түрдүү тармактарына кызыгып келет. Атап айтканда, суу-энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар иште өзүбүздүн заманбап технологияларыбызды колдонуу менен аэропорт, жол, көпүрө сыяктуу ири объектилерди куруу менен да алектенебиз”,-дейт Жин Жангуа.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чечим кабыл алуу максатында сунушталган кызматташууну серепчилердин деңгээлинде талкуулоого макулдашты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...