Акыркы макалалар

Баланы сабакка кантип кызыктыруу керек?

Башталгыч класста баланын мектепке барганынан да анын сабакты өздөштүрмөгү чоң машакат. Бир бала жалкоо, экинчиси ойноок, дагы бирөөнүн жөн гана сабака көңүлү чаппашы мүмкүн. Мындай кырдаал ата-эне үчүн көйгөй жаратат. Бала канткенде сабака көңүлдөнөөрү, ата-эне ал үчүн кандай салым кошушу зарыл экенин балдар психологу Токсон Мамырбаев айтып берди.

Баланын сабака көңүлү чаппаганын же кызыгуусунун жоктугун адистер үй-бүлөдөгү аба-ырайына байланыштырышат. Ата-эненин көбү балага чоң акча салып жаткан долбоор катары карашат. Ошол долбоордон кайра көп киреше ала тургансып үмүттөнүшөт. Бала сөзсүз жакшы окуш керек, жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктап бир мыкты кесиптин ээси болгонго милдетүү. Мындай жаңылыштык ой ар бир экинчи ата-энеде бар. Мисалы, бала мектептен келгенде ата-эненин "бүгүн канча алдың?" деген көнүмүш суроосу баланы чүнчүтөт. Бала өзүн милдеттүү сезип робот сыяктуу бүгүн баа алышым керек деген ой менен мектепке келет. Ушул эле суроону өзгөртүп, "сабактарың кандай болду? Мектепте эмне жаңылык?" деген көңүлгө жакыныраак суроо менен алмаштырса бала ата-эне менен маектешкенге көнөт. Ага көңүл бурулуп жатканын сезет.

Өзгөчө баштапкы класстарда баланын сабакты начар окуп, кабыл алуу жөндөмү төмөн болушуна төмөнкү олуттуу себептер бар.

- Биринчи себеби - эркелик. Каалаганын жасап көнгөн бала жоопкерчиликти оңой менен сезбейт. Мындай учурда ата-эне эркеликти аз-аздан оолакатып отуруп балага олуттуу мамиле жасаганга өтүүсү зарыл. Эң жөнөкөй эле эреже бала сабагын окубаса же чала аткарса жеңилдетилген жаза колдонсо ашыкча болбойт.

- Экинчи себеп - баланын психологиясы жай өнүккөн учур. Мындай шарт баланын 20% ында гана кездешет.

- Ата-эне баласын "вундеркинд" эсептеп алып, бирок баласы алардын үмүтүн актабай калган учур. Андайда үй ээлери баласына нааразы болуп түркүн дооматтарды койсо болот. Сен мени уят кылып жатасың же мен сенден мындайды күткөн эмесмин деген ата-эненин сөзү бала үчүн соң сокку. Өзүн колго алмак тургай кайра таштап салат. Сиз күткөн бештин ордуна эки алып ого бетер заманаңызды тарытышы толук мүмкүн.

- Сабак учурунда бала ар нерсени кыялданып "асманда калкып" жүргөнү да сабакты начар өздөштүргөнүнө себепкер. Кичинекей окуучунун ал кыялдары ата-энесинин мамилесине же өзү жетпей жүргөн буюмга байланыштуу болушу мүмкүн. Каалаган буюмун ала албаса да ошону дегдеп, эс дартынын баары сабактан башка жакта болот. Сабактан эмне өткөнүнү түшүндүрө албай же үй тапшырманы тыңдап көрсөтө албаганын себеби куру кыял менен алышып сабакты кулактын сыртынан кетиргенин жыйынтыгы.

Балаңыздан жогорудагы белгилерди байкасаңыз аны урушканга ашыкпаңыз. Ата-эне баласына жетиштүү көңүл бурбай жумушта жүргөнү аз келгенсип кечинде бошогон эки сааттын аралыгында баланы көзөмөлдөп ага талаптарды кое баштайт. Бул көрүнүш баланы ого бетер жүдөтүшү мүмкүн. Ага керээлди кечке көңүл бурба албасаңыз да жок дегенде кечинде кино көрө турган убакытты балага бөлүңүз. Аны менен сабакты чогуу жазыңыз, бирок ал үчүн жазып бербеңиз. Табышмак катышып ойноңуз. Айтор аз убакытты кызыктуу кылып өткөргөнгө мүмкүнчүлүктөр толтура. Мектептеги кайсы көрүнүш жагаарын, кайсы мугалим кандай сабак өтүп жатканын тамырын тартып билсеңиз болот. Эгер сабакты мугалим кызыксыз өтсө, баланы жемелесе, классташтары менен таарынышкан жагдай болсо баланын сабакты начар окуганынын да себеби ошол.

Балдар психологу Токсон Мамырбаева: "Биздин ата-энелерге тарбия керек"

- Адис катары айтсаңыз, баланын сабака болгон кызыгуусун күчөтүүгө мугалимдин салымы чоңбу же ата-эненикиби?

- Экөөнүкү теңме-тең. Баланын психологиясы менен айта турган болсом ким жылуу сүйлөсө ошонун айтканын тез кабыл алат. Мугалим жыйырма балага тең жылуу мамиле жасаса анда балдардын сабака кызыгуусу артып вундеркинддер көбөймөк. Мен сабакты кызыктуу өтө турган мугалим аз дебейм. Андайлар толтура. Бирок мугалимдин аракетин үйгө келгенде кайдыгер караган же колу бошобогон ата-эне өлтүрүп салышы мүмкүн. Кантип? Бала мугалимден кызыктуу маалымат угуп келет. Аны үйгө келгенде андан ары казып сурап ата-энесинен билгиси келет. Апасынын "анан айтчы же бошбой жатам" деген эки ооз сөзү баланын кызыгуусун түп-тамырынан бери жоготот. Аны көбү түшүнбөй кайра балдарды күнөөлөп жатышат.

- Негизи башталгыч класста окуган балдар үчүн сабакты жакшы сиңириш үчүн атайын эреже барбы?

- Мектептен келгенден кийин бала бир саат тамактанып, дагы бир саат мээсин сергитип ойногону жетиштүү. Калган убактысын сабак окуганга бөлүш керек. Кээ бир балдар кечке чейин ойноп жүрүп эртеңкиге эмне тапшырма берилгенин жатаарда гана эстейт. Чала эптеп окуп уйкуга кетет. Бул болсо баланын сабака кызыгуусу жоктугунан, ата-эненин талап кое билбегендигине байланыштуу. Мен кыргыз ата-энелерге нааразымын. Көбү баланы сабак окуп жаткан учурунан алаксытып жумшаганды адатка айландырышкан. Же баласына убакыт бөлгөндөн ээринип айрым ата-эне өздөрү сабагын жазып берет. Бул баланы өз колуң менен жарга түрткөнгө барабар. Баланы эмес биринчи кезекте ата-энени ошондой илдеттен тарбиялаш керек. Апасы менен атасынын урушканы бала үчүн да чоң сокку. Кадимкидей бир күн бою үйдөгү акыбалды ойлоп сарсанаа болуп сабак кулагына кирбейт. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, ата-эне баласы менен сырдашкандан качат же ээринет. Эгер баланын жан-дүйнөсүндөгү бороонду убагында туюп билбесе өспүрүм куракта кыйынчылыктар жаралат. Бала моюн бербей, түнт тартып кеткени ага убагында жетиштүү көңүл бурулбаганы менен түшүндүрсө болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...