Акыркы макалалар

Кыргызстандын жалпы калкынын 38 пайызын балдар түзөт

Кыргызстандын жалпы калкынын 38 пайызын балдар түзөт же калыктын 2 млн 148 миңи балдар. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2009-2010-жылдары өлкөдө балдар арасында кылмыштуулук 9 пайызга өскөн.

"Учурда 3453 бала Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын балдар бөлүмүндө каттоодо турат. Жазыкты шарттуу түрдө өтөө боюнча 51 бала каттоого алынган. 21 бала түзөтүүчү колонияларда жаза өтөп жатат. Ушул жылы 18 жашка чыккан 17 бала чоңдордун абагына которулду",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...