Акыркы макалалар

Нарын облусунун 6 айылында күнөскана курулат

БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү” долбооруна облустан күнөскана куруу боюнча 6 долбоор жактырылды. Ага ылайык, Ак-Талаа районунун Ак-Кыя, Ат-Башыдан Кызыл-Туу жана Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Чоң-Дөбө, Көк-Ой, Ак-Татыр айылдарында уюшлуган жамааттык топтордун 18 мүчөсү атайын окуудан өтүштү.

Анда аларга күнөскана курууга жер аянтын тандоодон баштап, курулуш материалдарына кетүүчү чыгымды эсептөө, санитардык нормаларды сактоо тууралуу бир катар маалыматтар берилди.

Ошондой эле “Айылдык кеңеш берүү кызматы” коомдук фондунун адистери тарабынан Нарын шаарындагы Калыйкул Ысыралиевдин күнөсканасы көрсөтүлүп, жазалып жаткан иштер менен жеринде тааныштырылды. Аталган долбоордун адиси Акысбек Досоевдин айтуусунда, эми окуудан өткөн жамааттык топторго тиешелүү суммадагы каражаттар берилип, аянты 63 чарчы метр күнөсканалар курулуп бүткөндөн кийин, жашылчаларды өстүрүү боюнча окуу өткөрүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...