Акыркы макалалар

Бишкек шаарынын ар бир жетинчи тургуну Эгемендүүлүк күнүнө кош көңүл карайт

Бишкек шаарынын ар бир жетинчи тургуну Эгемендүүлүк күнүнө кош көңүл карайт

Бишкек шаарынын ар бир жетинчи тургуну Эгемендүүлүк күнүнө кош көңүл карайт. Сурамжылоонун негизинде ушундай жыйынтык чыккан. Алар үчүн бул болгону “жай айынын бүтүшү”, “эртең окуу”, “кийинүү керек”, бирок, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү катары белгиленбейт. Бул тууралуу “Республика” саясий партиясынын Жаштар канатынын лидери Канат Мидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Эгемендүүлүк күнүнө карата 2014-жылдын 26-августунан 31-августка чейин “Республика” саясий партиясынын Жаштар канатынын активдүү мүчөлөрү социалдык сурамжылоо жүргүзүшкөн. 5 күндүн аралыгында Жаштар канатынын 20 мүчөсү Бишкек шаарынын ар кайсы райондоруна жана жаңы конуштардагы жашоочуларга барып сурамжылоонун баракчасын толтурган. Ал баракчада 3 негизги суроо жазылган:

1.Сиз эгемендүүлүк күнүн майрамдайсызбы?

2.Сиздин оюңузча бул майрамга карата мамлекет тарабынан уюштурулган иш-чара кандай деңгээлде өткөрүлөт.

3. Жеке сиз үчүн бул майрамдын мааниси кандай?

“5 күндүн аралыгында 700 адамды сураганга жетиштик. Алардын арасынан эң активдүү катышкан топтун көбүнчөсү 18 жаштан 26 жашка чейинки жаштар жана студенттер болушту. Сурамжылоого катышкан эркектер менен аялдардын бөлүгү болжол менен бирдей болуп чыкты: 48,8% эркектер болсо, 51,2 пайызын аялдар түздү. Алардын ичинен 3 топ социалдык экономикалык абалы боюнча басымдуулук кылды: студенттер 33,5%, жеке ишкерлер 22,6%, жана мамлекеттик кызматкерлер 18,4%. Аз болсо да, майрамдаган пенсионерлер менен окуучулардын бөлүгү жалпы сандан 9% түзгөнү бизди кубандырды. Ишке жарамдуу бирок жумушсуз топтун 4 эле пайызынын майрамдаганы бул начар көрсөткүч. Жумуштун жоктугу бул материалдык каражаттын тартыштыгына алып келет, ошондо биринчи орунга майрамдоонун ордуна жан багуу аракети коюлат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ойлонуп көрсөк биринчи кезекте накта ушул пункта мамлекет көңүл бөлүү керек. Мамлекеттеги абалдын таасири анын келечегине тийиши мүмкүн. Ушул күн жарандар үчүн маанилүүбү же жөн гана кезектеги күнбү деген суроолорго жоопторду билүүнү аракеттенгенбиз. Эң кызыгы, курагына, социалдык абалына жана жынысына карабастан сурамжылоодон өткөн баардык топтордун жооптору болжол менен бирдей чыкты. Башкача айтканда, шаардын ар бир жетинчи тургуну Эгемендүүлүк күнүнө кош көңүл карайт. Алар үчүн бул болгону “жай айынын бүтүшү”, “эртең окуу”, “кийинүү керек”, бирок, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү эмес”,-деди Канат Мидин уулу.

Ошондой эле ал маалымдагандай, көп сандагы жеке ишкерлер жана алардын ичинен өзгөчө эркектер үчүн жылдан-жылга бул майрамдын мааниси жоголуп бара жатканын билдиришкен. Алар үчүн бул майрам маанилүү эмес экендигин моюнуна алышкан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...