Акыркы макалалар

Кайрымдуулук үчүн коюлган кутудагы акчаны уурдаганга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында кайрымдуулук кылуу үчүн коюлган кутудагы акчаны уурдаганга шектелген 51 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, "Алтын уя" кайрымдуулук фондунун имаратынан жарандардан кайрымдуулукка чогулган акчаларды кутудан уурдап кетишкен. Буга байланыштуу кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 51 жаштагы жаран кармалган.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...