Акыркы макалалар

Issyknews. Чолпон-Атада шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Шаардык кеңешке 7 партия ат салышкан. Алардын ичинен алдына-ала маалымат боюнча “Республика” партиясы 18, 65 пайыз добуш. Ал эми экинчи “Улуу Кыргызстан” 17,7 жана “Мекен ынтымагы” 15,79 пайыз добушка ээ болушту. Бул тууралу БШКнын Ысык-Көл району боюнча атайын өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында шаар боюнча 3 шайлоо участкасы иш алып барды: " Чолпон – Ата шаарындагы 6575 шайлоочунун 2097 адамы же 31,9 пайызы адам жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо активдүүлүктөрүн көргөзө алышты. Учурда райондогу айылдык окруктагы 33 участканын протоколдору алынып, иш алып барылууда"-дейт У. Жылкыбаев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...