Акыркы макалалар

Кыргызстанда 131 кирешелүү акционердик коом бар

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда 131 акционердик коом (АК) өз ишин киреше менен аяктаган. Бул тууралуу "КРдин баалуу кагаздар листингине эң төмөнкү талаптарды бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунун маалыматтык негиздемесинде айтылат. Аталган долбоорду Каржы рыногуна көзөмөл жүргүзүү жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы даярдаган.

Андан белгиленгендей, республикада 1 857 акционерди коом бар, анын 1 307си- ачык типтеги, 550сү - жабык типтеги акционерди коом болуп эсептелет. 131 кирешелүү коомдун ичинен 20 акционердик коомдун 10 миллиондон 30 миллион сомго чейинки жеке капиталы, дагы 20 АКтын 30дан 100 миллионго чейин, 4 АКтын 100дөн 300 миллионго чейин, 19 АКтын 300 миллиондон жогору жеке капиталы бар.

"63 компаниянын жеке капиталы 10 млн сомдон ашат жана алар листинг процедурасынан өтө алышат", -деп кабарлайт ведомство.

Белгилей кетсек, листинг - фондулук биржанын расмий тизмесине биржага айлантыш үчүн баалуу кагаздарды киргизүүчү процедура.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...