Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңешти шайлоодо калктын 47,9 пайызы добуш берди

Облуста жалпы добуш берүүгө 190 676 адам катталган. Ал эми областындагы шайлоо тууралу областтык штапка келип түшкөн маалыматтарга таянсак, 19.00 гө чейин 91 304 адам же 47,9 пайыз шайлоочу атуулдук милдеттерин аткарышкан. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Ысык – Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдирди.

Маалыматка ылайык сырткы зоналардын маалыматы кошула элек. Ак – Суу районунда 33203 шайлоочу болсо, анын 18189у же 54,8 пайызы. Жети – Өгүз районундагы 44576 шайлоочунун 20714 адамы же 46,5 пайызы. Ыссык – Көл районундагы 50992 шайлоочунун 21392 адамы же 42,0 пайызы. Тоң районундагы 27542 шайлоочунун 14865 адамы же 54,0 пайызы. Түп районунун 34363 шайлоочусунун 16144 адамы же 47,0 пайызы жана Чолпон – Ата шаарындагы 6575 шайлоочунун 2097 адамы же 31,9 пайызы жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо активдүүлүктөрүн көргөзө алышты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...