Акыркы макалалар

Баткен облусунда кыргыз-тажик тараптын катышуусу менен жол курулушу башталды

Бүгүн Баткен районунун Тажикстандын Ворух анклавына чектешкен Ак-Сай айылынан Тамдык –Кишемишке карай жолдун курулушу Тажикстандын Точикон айылынын аксакалдарынын батасы менен башталды.

Эске сала кетсек, Ак-Сай айылынан Кишемиш жолу буга чейин эле башталып, бирок тажик тараптын жарандарынын каршылыгы менен 1 жылдан ашуун убактан бери токтоп турган болчу. Бүгүн КРнын вице -премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана Тажикстан Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары Муродали Алимардондун катышуусунда аталган аймактагы кыргыз жана тажик айылдарынын тургундарынын катышуусунда жол курулуштары аягына чыгарылмай болду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин өкмөттүк деңгээлдеги комиссиялардын катышуусу менен буга чейин бир нече жолу башталып, кыргыз-тажик жарандарынын каршылыгы менен акыры чек арадагы атышуулардан кийин курулушу токтоп калган Көк-Таш-Ак-Сай жолу нун жана Кишемиш дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөөнүн да курулушу башталды. Ушундай эле талаш маселеси менен токтоп турган Кулунду-Максат көпүрөсүнүн курулушу да башталууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...