Акыркы макалалар

Каныбек Осмоналиев: «Мугалимдердин иштөө шарттарын жакшыртуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл»

Бир катар билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитеттери иш таштоо чарасын колдоно турганын эскертип жатат. Алар мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу талаптарын коюуда. Ушул жылдын 16-сентябрында мугалимдер менен профсоюз федерациясынын биргелешкен жыйыны өтөт. Бул тууралуу депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүнүн жүрүшүндө билдирди.

Депутаттын айтымында, жергиликтүү мугалимдер эмгек акыдан тышкары кирешеси жок экенин айтып, алардын маянасын жогорулатуу маселесин чечип берүүнү өтүнүп жатышат. «Мугалимдер тиешелүү органдардын жетекчилери унчукпай отурганына нааразы. Билим берүү жаатында андан башка дагы көйгөйлөр көп. Тезинен алдын алуу чараларын көрүп, мугалимдердин иштөө шарттарын жакшыртуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл», - деп кошумчалады К.Осмоналиев.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...