Акыркы макалалар

Эксперт: Өзбекстан менен сүйлөшүүдө КР ДСУга мүчөлүгүн пайдаланса болот

Эксперт: Өзбекстан менен сүйлөшүүдө КР ДСУга мүчөлүгүн пайдаланса болот

Украина мүчөлүккө кирерде Кыргызстан каршы добуш берген, ошондо Кыргызстанга Украинадан өкүлдөр келишип, мурда кайтарбай койгон 27 млн $ дароо төлөгөн.

Кыргызстан Өзбекстан менен өз ара сүйлөшүү жүргүзүүдө Дүйнөлүк соода уюмундагы (ДСУ) өзүнүн добуш берүү укугун пайдаланса болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта "Кабар ордого" экономика илимдеринин кандидаты, эксперт Бекташ Кылычбеков билдирди.

"Кыргызстан 1998-жылы 20-декабрда Дүйнөлүк соода уюмуна КМШ мамлекеттеринин, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкы болуп мүчө болгон. Кыргызстан ДСУнун мүчөсү катары башка мамлекеттер аталган уюмга кабыл алынарда добуш бере турган укукка ээ жана бул укугунан пайдаланган учурлар болгон. Мисалы, СССР тарагандан кийин Украина союзу маалынан калган 27 миллион доллар карызын Кыргызстанга кайтарбай койгон. Кыргызстан карызын сурап барганда бул боюнча документтер жабылганын айткан жана карызыбыз жок деп берүүдөн баш тарткан. Украина негизинен ДСУга 2008-жылы 16-майда гана 152 мүчө катары кабыл алынганын белгилеп кетели. Украина мүчөлүккө кирерде Кыргызстан каршы добуш берген, ошондо атайын сүйлөшүү жүргүзүүгө Кыргызстанга Украинадан өкүлдөр келишип, мурда кайтарбай койгон 27 миллион доллары дароо которуп берген эле",- деп эскертти эксперт.

Анын айтымында, учурда Өзбекстан дагы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болом деп далалат кылып, документ дайындап жатат.

"Кыргызстан, Өзбекстан менен дипломатиялык алакаларды жакшы жолго коюшу керек. Түштүктө газдын берилбей жатышы, ага удаа дайыма чегара чатактарынын болуп турушу Өзбекстан менен мамилелерди солгундатышы ыктымал. Сугат суусун токтотуп коюу деген бул эл аралык дипломатияда майда, бирок эл үчүн абдан маанилүү нерсе. Мунун баарынан улам Кыргызстан Өзбекстанга ДСУга кирерде каршы добуш бериши ыктымал",- дейт Кылычбеков.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...