Акыркы макалалар

Үч жылда Оштун бүт көчөлөрүнө үнөмдүү чырактар орнотулат

Үч жылда Оштун бүт көчөлөрүнө үнөмдүү чырактар орнотулат

Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри электр тогун үнөмдөөчү лампаларды чыгарган кореялык "Vision Tech" компаниясынын президенти Ли Хо Соком менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кызматташуу шарттарын, чырактардын өзгөчөлүктөрү жана техникалык маселелерди талкуулашты.

Ош шаарын 2014-2017-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында түштүк калаанын көчөлөрүндө үнөмдүү чырактар орнотулат.Бул жылы болсо У.Салиева көчөсүнө мындай лампалардын элүүсү орнотулат.

"Долбоордун негизинде электр энергиясы эки эсе үнөмдөлөт, чырактардын кызмат өтөө мөөнөтү да бир жарым эсеге көбөйөт",-дешет адистер.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...