Акыркы макалалар

Көркөм сүрөт өнөрү учурда мамлекет тарабынан колдоого алынган эмес

Көркөм сүрөт өнөрү учурда мамлекет тарабынан колдоого алынган эмес. Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин алтын фондуна 23 жыл ичинде эч кандай акча каражаты берилген эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.

Анын айтымында, Союз таркагандан кийин аталган тармак жетишээрлик деңгээлде каралбай калган.

“Мурда жаш сүрөтчүлөрдү эл дагы, бийлик дагы абдан колдоп, аларга дем күч берип турушаар эле. Азыр болсо андай эмес. Көркөм сүрөт музейинде иштеген адистер көпчүлүк учурда ар түрдүү иш-чараларды, көргөзмөлөрдү өз демилгелери менен өткөрөт. Демөөрчүлөрдү издеп, каражат таап өз арабасын өзү сүйрөөдө. Алтын фондду толтуруу үчүн дагы эмгек сиңирген сүрөтчүлөр жана башка бул нерсеге кайдыгер карабаган замандаштар менен иш-чараларды өткөрүүдөбүз”,-дейт Ю.Шыгаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...