Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунда Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгын белгилөө иш чарасына даярдыктар көрүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралар пландалууда. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Улуу манасчынын юбилейин белгилөө боюнча айыл аймактарда атайын иш-чараларды өткөрүү, райондук Тарых музейинде манасчы туурасында бурч уюштуруу, массалык маалымат каражаттарында кеңири маалыматтарды чагылдыруу жааты каралган.

Ошондой эле С.Каралаевдин айткан варианты боюнча Манас эпосунун үзүндүлөрүнөн Сүрөт конкурстарын уюштуруу, мектеп окуучуларынын арасында манас айтуу боюнча конкурстарды уюштуруу, манасчылар жана дастанчылардын мектеп студияларын уюштуруу боюнча иш-пландар бекитилип, тйиштүү мекемелерге тапшырылды.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...