Акыркы макалалар

КСДП фракциясынан Сотторду тандоо кеңешине 11 талапкер ат салышууда

Жогорку Кеңештин КСДП факциясынан Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө жарандык коомдон 11 талапкер ат салышып жатышат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Талапкерлердин тизмеси төмөндө:

1. Мирлан Абдипаттаев

2. Шумкарбек Абжапаров

3. Өмүрбек Закиряев

4. Шамарал Майчиев

5. Жамыйла Нурумбетова

6. Кайрат Осмоналиев

7. Бакытбек Рысалиев

8. Акин Токталиев

9. Нурбек Сабиров

10. Нурлан Садыков

11. Жылдыз Сайдылдаева

Эске салсак, 2014-жылдын 27-июнунда "Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Аталган мыйзам Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу жаңы талаптарды карайт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Соттор кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...