Акыркы макалалар

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы октябрда өтөт

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” – даректүү тасмалардын сегизинчи эл аралык фестивалы Бишкекте 7-11-октябрь күндөрү өтөт. Фильмдер көрөрмандарга “Манас” кинотеатрында сунушталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруп жаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунан кабарлашты. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт.

Эл аралык “Бир дүйнө-Кыргызстан” - адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалынын бул жолку темасы БУУнун "Өнүгүүгө укук" декларациясынын негизинде тандалып алынган. Мурдагылардан айырмаланып бул жылы сүрөттөр топтомдору да кабыл алынган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...