Акыркы макалалар

ЖК депутаты К.Самаковдун ысымы Нарындагы спорт мектепке ыйгарылды

Нарын шаарындагы шаардык балдар жана уландар спорт мектебине КР Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаковдун ысымы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шаардык спорт мектептин кызматкерлери узак жылдан бери К.Самаков өз каражатынан спорт мектепке салым кошуп келе жаткандыгын белгилешип, анын атын окуу жайга берүүнүн өтүнүштү.

Натыйжада 29-август күнү болгон шаардык Кеңештин кезектеги отурумунда жыйынга катышкан 20 депутаттын он тогузунун колдоосу ( бирөө калыс) менен эл өкүлүнүн атын мектепке берүү чечими чыгарылды.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...