Акыркы макалалар

Жумгал районунун Куйручук айылындагы тоо кыркага жаштардын демилгеси менен узуну 5 метр болгон Туу орнотулду

Жумгал районунун Куйручук айылындагы тоо кыркага жаштардын демилгеси менен узуну 5 метр болгон Туу орнотулду

Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынын батыш тарабындагы кырка тоонун бооруна айылдын 1987-жылкы уландары тарабынан 120 миң сомдун туурасы 3, узуну 5 метр болгон кыргыздын Туусу орнотулду. Бул тууралуу демилгечи Мусукеев Туратбек билдирди деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, айыл жаштарына үлгү болуш үчүн жана жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуу максатында демилгеленип орнотулган. Узундугу 5, туурасы 3 метр болгон кыргыздын Туусу 20 метр бийиктиктеги жерге орнотулган.

«Кыргызстандын ортосу Жумгал болот, анын так очогу биздин Куйручук айылы. Буга чейин Кыргызстанга Ө.Бабанов тоо кыркасына Тууну орноткон. Андан кийин Таласта коюлган эми бизде коюлуп жатат. Жалпы эле Кыргызстанда тынчтык, ынтымак болсун. Эгемендүүлүк күнүндө жакшы жышаан катары Туунун орнотуу ачылыш аземин өткөрдүк. Өлкөбүз дайымөнүгүп өссүн, ар дайым кыргызстандын туусу бийикте гана желбиреп турсун», - дейт Т.Мусукеев.

Ал эми Эрмат Касымкулов, бул демилгени Т.Мусукеев демилгелеп аны айылдын 1987-жылкы балдары колдоп, бардык чыгымдарын көтөрүшкөн. Ошондой эле айылдагы ар кыл багыттагы жакшы жышаандарга дайым колдоо көрсөтүп келе жаткандарын билдирип өтүштү.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...