Акыркы макалалар

“Ош Пирим” телеканалына Тургунбай Алдакулов аткаруучу директор болуп шайланды

“Ош Пирим” телеканалына Тургунбай Алдакулов аткаруучу директор болуп шайланды

“Ош Пирим” телеканалына Тургунбай Алдакулов аткаруучу директор болуп шайланды.Аны аталган телеканалдын жетекчилиги аткаруучу директор болууга сунушташкан. Эми Т.Алдакулов каналдын чыгармачылык жаатын тейлеген жетекчи болуп калды. Аны менен маектешкенибизде мындан ары үч багытта иш алып бараарын билдирди.

“Биринчиси, журналистикадагы эл аралык страндарттарды, анан социалдык маселелер, ошондой эле экономикалык журналистикага басым жасалат”,-деди Т.Алдакулов.

Ал кошумчалагандай, телеканал азырынча саясаттан алыс болот.

“Ош Пирим” телеканалы Ош шаарында жергиликтүү канал катары иштей баштаганына бир жылдай болуп калды. Учурда анын башкыдиректору Мариф Парпиназаров. Бул каналга депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов да кошо ээлик кылаары айтылып жүрөт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...