Акыркы макалалар

Бишкек шаарында 6 ветеринардык аптека жабылды

Мал дарылоодо сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында Ветеринардык жана фитосанитардын коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ветеринардык аптекаларды текшерүүдө. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы суткалардын ичинде эле Бишкек шаарында ветерианрдык талаптарга жоок бербеген, сатуучу адамдын эч кандай ветеринардык кесиби болбогон жана аптекалар жайгашкан жайлар талапка жооп бербеген 6 аптека маминспекциясынын инспекторлору тарабынан жабылды.

Мындан ары да коопсуздукту камсыздоо, мал чарбачылыгын колдоого алуу максатында мамлекеттик инспекциясы тарабынын ветеринардык дары-дармектерге катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Муну менен катар ветеринардык аптекаларга болгон талап да күчөйт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...